Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 1-майда Сомалинин борбору Могадишо шаарында террордук акт жасалган. Натыйжада "Бакаара" базарынын жанындагы мечитте болгон 2 жарылуудан 45 адам каза болуп, жүздөн ашуун адам жаракат алган.
Жардыруудан кийин базардын күзөтчүлөрү менен радикалдык исламисттик согушкерлердин ортосунда атышуу болуп, эки адам көз жумган. 13 киши ар кандай жаракаттарды алышкан.
Террордук актыны уюштургандардын ысымдары белгисиз бойдон калган.
1-майдын жылнаамасы.