ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: 23 жыл мурун "Формула-1дин" 3 жолку дүйнө чемпиону, автожарышчы Айртон Сенна жарыш учурунда көз жумган

Мындан 23 жыл мурун, 1994-жылы 1-майда "Формула-1" автожарыштарында 3 жолу Дүйнө чемпиону аталган бразилиялык спортчу Айртон Сенна Италиянын Имола шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда Сан-Маринонун Гран-приси үчүн жарышка түшүп, бетон тосмого урунуп, оор жаракаттан каза тапкан.

Журналисттердин арасында "Сыйкырчы" деген каймана ат менен белгилүү болгон спортчу Айртон Сенна 1960-жылы 21-мартта Бразилиянын Сан-Паулу шаарында жарык дүйнөгө келген. 4 жашынан рулга отуруп, кийинчерээк картинг боюнча мелдештерге катышып турган. 1973-жылы автожарыш боюнча чемпиондукка катышып, дебютун жасап, 4 жылдан кийин Түштүк Америкадагы картинг боюнча дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү аталган.

Британиялык "Autosport" журналы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ал "Формула-1дин" тарыхындагы эң мыкты автожарышчы деп табылган. 10 жылдык спорттук карьерасында Айртон Сенна 41 жарышты утуп, 1988, 1990, 1991-жылдары Дүйнө чемпиону болгон.

1-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан