Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 2-майда 10 жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу Усама бен Ладен Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, денеси деңизге чөктүрүлгөн.
Ал 1957-жылы 10-мартта Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Толук аты-жөнү Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Атасы ири курулуш тармагынын магнаты, бай адамдардын бири болгон, уулуна 250 миллион доллар мурас калтырган. Усама бен Ладен "Аль-Каида" террордук уюмунун негиздөөчүсү жана биринчи эмири. Бул уюм 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШда болгон террордук актыга жана 1998-жылкы Африкадагы АКШнын элчиликтеринин имаратындагы жардырууга жоопкерчиликти алган.
Усама бен Ладендин максаты - батыш өлкөлөрүнүн таасири жок, эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилеген. 2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган. Анын сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүргөн. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн.
2-майга карата жылнаама.