Венесуэладагы митингде 40ка жакын адам жаракат алды

1-майда Венесуэланын борбору Каракаста оппозиция өткөргөн митингде 40ка жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Чакао Рамон Мучачо билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучулардын үчөө октон жаракат алган. "Жабыркагандардын бардыгы учурда коопсуз жерлерде, көбү үйлөрүнө коё берилген", - деди мэр.

Айта кетсек, оппозициянын нааразычылык акцияларын уюштурууга Жогорку соттун президент Николас Мадуронун ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечими себеп болууда. Буга байланыштуу апрель айында өткөн нааразычылык акцияларда полиция менен кагылышууларда 23 адам каза болгону, 50гө жакын адам жаракат алганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан