Түштүк Американын Колумбия өлкөсүндөгү Факататива шаарына жакын жерде чакан учак кыйрап, 8 адам каза болду. Бул маалыматты аталган өлкөнүн президенти Хуан Мануэль Сантос Twitter социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кечээ, 1-майда тастыктаган.
Маалыматка караганда, учак Колумбиянын борбору Боготадагы Гуаймараль аэропортунан чыгып, Толемаида аскердик базасына бара жаткан.
Такталбаган маалыматтар боюнча, курман болгондордун арасында 3 аскер кызматкери болгон. Башка маалыматта каза болгондордун баары аскер кызматкерлери экени айтылат. Учак телекоммуникациялык антеннага илинип, кулап түшкөн.