Ошто аты менен сууга агып кеткен 66 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда аты менен сууга агып кеткен 66 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 1-майда саат 20:00 чамасында болгон. Жаңы-Арык айылынын тургуну Ч.Ураимов Учкун айылындагы Куршаб дарыясына аты менен кулап түшүп, агып кеткен. Бүгүн таңга маал саат 07:50 чамасында Ч.Ураимовдун кулаган жеринен 2 чакырым алыстыкта анын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Beka.sss
2017-05-02 12:29:26
Кырсык олум очред Кыргызстанга келген сыяктуу 2016..2017-жыл
-7
simone
2017-05-02 12:33:16
кудай сакта....
+2
baltabai
2017-05-02 13:01:12
Kudai saktasyn
+1
Eli.91
2017-05-02 13:59:45
Суу аздай эле корунотко мас окшойт сыягы,туугандарына сабыр
0
arzygulR
2017-05-02 16:47:23
Жайы жанаттан болсун жакындарына сабыр берсин
+1
TalaCSKA
2017-05-02 19:22:30
Жайы жанаттан болсун !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан