Аюу айылынын тургуну: "Туугандарыбызды кепиндеп көмө албай калабызбы?"

Бүгүн, 2-май күнү Аюу айылындагы көчкү алдында табылбай жаткан 23 жарандын жаназасы окулду. Жакындары көчкү алдында калгандар дин ишмерлеринин чечимин кандай кабыл алды деген суроо менен Аюунун тургундарына байланышып көрдүк.

“Менин эки бир тууганым үй-бүлөсү менен көчкү алдында калды. Сөөктөрү табылган жок. Муфтияттан, казыяттан келген молдокелер менен бирге жаназа намазын окудук. Эми сөздөр айтылды сөөктөрдү издебей токтотолу деп, бирок кантип эле ушул жайда калып калышат. Кепиндеп көмө албай калабызбы деген нерсе баары бир жүрөгүңдө кала берет экен”, - деди Аюу айылынын тургуну Үмөталы Коргонбаев.

Мухаммед Гадаев аттуу жергиликтүү тургун кырсыктан бир тууган жээнинен айрылган. Ал ӨКМдан казуу, издөө иштерине оңдуу техникалар келбегендигин айтат.

“Биринчи күнү эле бийликтегилер келгенде элдер техникалардын күчтүүрөөгүн жөнөткүлө деп айтканбыз. Бир экскаватор менен жүктөөчү техниканы алып келиптир, анысы топурак ылай болгондуктан тыгылып иштей алган жок. Экскаватору кечээ эле токтогон жүктөөчүсү бүгүн эртең менен баткактан жүрө албай токтоду. Эми чоңдор көрүп кетишкен ылай баткакта жүргөн техника бердиртсе, балким, издөө иштери оңой болот беле”, - дейт ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, казуу жана издөө иштери жаназа окулганына карабай токтотула элек. Иш токтотулгандыгы тууралуу расмий маалыматты ӨКМ да бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
spinkub
2017-05-02 18:03:46
Кандай Бир мамлекет Оз жарандарын калтырып койот. Мындай МЧСтин барынан жогу жакшы го анда. Президенттин кайра аларды куноолосо,Бир жеп жутар кабар алып келбесе кор эле болдун го оз жеринде Кыргызым!
+13
Begmat1992
2017-05-02 18:18:52
Кантип ошол жерде калтырат керек болсо топуракты элгек менен элгеп таап мусулманча жерге бериш керек
+5
TalaCSKA
2017-05-02 19:11:16
МЧСтин кучу жетпесе кытайларга берсин бир кундо эле тап чыгышат.эмнеге токтотушат мусулманча ак кепинге ороп комуш керек .
+5
kutlibek
2017-05-02 20:25:38
Чын эле эгер кучтуроок техника болгондо иш кичине алдыга жылмак. Азыр 2 дене табылды, бири жаш бала, бири болсо белгисиз
+2
Aidani
2017-05-02 23:58:05
Тируу калгандары болушу мумкун экен деп атышат го тапсын казсын издесин. Урматтуу Озгон районунун тургундары жардамга барып издешкиле крлунардан келсе эркектер Кыргызстан боюнча баргыла издешкиле коп тукурсо кол болот дейт мындай окуя кудай сактасын бирок ар бирибизде болушу мумкун кайдыгер карабайлы мусулман бир туунандар
+3
nazira...
2017-05-03 14:34:10
Чын эле эмнеге жергиликтуу адамдарды, же башка адамдарды аралаштырбай военныйлар эле иштеп атышат. Эртелетсе балким тируу калгандар чыгып калат беле. канча кун отту, эгерде тируу болсо ичинде аба жетпей калды го.
0
Gukush8993
2017-05-03 15:08:23
Ошол жерде эле калганы деле туура ошол жерде короолоп ыйык кылып куран окуп турушса жер кочкондон бери канча кун отту андан бери жамгыр жаап жер кирди жерлер кочту тируу адам калбайтго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан