Бүгүн, 3-майда Орусиянын айрым басылмалары Кыргыз жеринде туулган, боюнда бар келиндин зордукталганын жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 1-май күнү кечинде Москва шаарынын Таганрог көчөсүндө болгон. Анда Кыргыз жеринде туулган, 28 жаштагы Муазамхон аттуу келинге белгисиз аял келип, аны "күйөөм менен көңүлдөш болуп жүрөсүң" деп айыптап, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Кийин Муазамхон жашаган батирге белгисиз эки адам кирип, аны сабап, зордукташкан.
Жабырлануучу 2-май күнү полиция кызматкерлерине кайрылган. Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Г.Исраилов (Кыргыз өлкөсүндө туулган) жана 21 жаштагы П.Исмоилов (Өзбекстанда туулган) кармалган.
Ал эми зордуктоого буйрутма берген аял Өзбекстанда туулган, 29 жаштагы Мухая экени айтылууда.