Бишкекте асынып алды делген келиндин атасы: "Кызымдын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейм, буга күйөө баламдын катыштыгы бар"

Бүгүн, 3-майда асынып алды делген Калысбек кызы Нурзаттын жакындары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда маркумдун атасы Калысбек Абдрахманов кызынын өз өмүрүнө кол салганына ишенбей турганын айтты.

"Күйөө балам Нурдин Убукеев менен кызым Калысбек кызы Нурзат 1,5 жыл бирге жашашты. Ошол убакыт аралыгында Убукеев кызымды бир канча жолу ур-тепкиге алган. Кызымды "асынып алды" дегенге ишенбейм. Күйөө балам Нурдин биринчи милиция, "Тез жардамды" эмес, инисин чакырып жатат. Милиция кызматкерлери тарабынан тартылып алынган сүрөттө жипти көрүүгө болот. Бирок кийин жиптин дайыны жок болуп калды. Кызымды жоолукка асынып алды деп жатышат. Жоолукта кызымдын биологиялык издери жок болуп чыкты", - дейт Абдрахманов.

Ошондой эле Калысбек Абдрахманов райондук жана шаардык сот күйөө баласына карата жеңил жаза колдонгонун айтты.

Айта кетсек, окуя 2015-жылдын 24-декабрында болгон. Анда 27 жаштагы Калысбек кызы Нурзат Бишкектеги үйүндө асынып алган. Тергөө маалында аны өлүмгө жолдошу Нурдин Убукеев жеткиргени аныкталган.

2017-жылдын 15-мартында ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап, 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Бирок сот Убукеевге карата амнистия колдонуп, жазасынын үчтөн бирин алып салган. Жабырлануучу тарап, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. 17-апрелде ишти Бишкек шаардык соту карап, Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренесинин 2-бөлүгүнөн 1-бөлүгүнө алмаштырган. Жазасын өтөөсүн шарттуу түрдө түзөтүү абагына алмаштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ayida
2017-05-03 16:11:07
Сулуу кыз экен асынбай эле кетип калбайбы байкуш ай
+3
pixduel1
2017-05-03 21:31:03
Биз бир канча кылым артта калып кеткендейбиз. Менталитет да курусун, жаш кыздарды ала качып , ата-энеси мажбурлап, ай жашын отуп баратат деп эле эптеп турмушка берип кутулгусу келет. Анын келечеги жашап кетеби эч кимди кызыктырбайт! Куйоосу урган чакта да уйуно батпайт 100% анткени коншулары соз кылгандан сырткары ата-энеси да куноону кызга коет( беш кол тен эмес ) Эрге тийдин ошол жерде чыдап жаша дебей сырдашып проблеманы чечкени жардам бериш керек, болбой баратса ажырашсын олгондон коро! Эх..
+5
Djal1987
2017-05-04 02:40:44
Аялга кол которгон эркек аялдан айрымасы жок. Соз менен жеткире албаган тема. Даже адам деп айтканга да болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан