Баткендеги жол кырсыгынан 5 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 30-апрель күнү Баткен-Исфара унаа жолунун, Кызыл-Бел айылынын тушунда болгон. Анда 30 жаштагы С.Ж. аттуу айдоочу жолдун ортосуна чыга калган беш жаштагы баланы сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон.
Азыркы тапта айдоочу кармалып, тиешелүү экспертизалар жүрүүдө.