УКМК Ош шаардык сотунда сабалган жактоочулардын окуясын иликтейт. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы коалициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 28-апрель күнү Ош шаардык сотунда болгон. Анда милиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген Наргиза Ражапованын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга тергөө абагына камалган. Сот учурунда жабырлануучу тарап айыпталуучуну коргоп жатышкан жактоочулар Айсалкын Карабаева жана Мухая Абдураупованы сабап салышкан.
Кыйноолорго каршы коалициясы билдиргендей, 2-май күнү жактоочулардын сабалышы боюнча арыз Адвокаттар Кеңешине жана УКМКга катталган.
Эскерте кетсек, 23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү. Бул кылмышка шектүү катары 1972-жылы туулган Д.Ш. жана анын аялы, баласы, кайниси кармалган.
Кылмышка шектүү Д.Ш. өз көрсөтмөсүндө Таирбек Уларов аялы иштеген дүкөнгө көп келип жүргөнүн жана аны кызганычтан улам өлтүргөнүн айткан.