Жер титирөөдөн улам Чоң-Алайда сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды

Жер титирөөдөн улам Чоң-Алайда сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:47де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын Кара-Мык айылында 10 турак үйдүн дубалынан жарака пайда болгон.

"10 турак үй жашоого кооптуу. Андан сырткары 1 оорукананын имараты пайдаланууга жараксыз. Ошондой эле 1 балдар бакчасы, 1 мектепте да жаракалар пайда болгон. Ал эми Чулук айылында 1 сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жергиликтүү тургундар аны куткарып калышкан. Азыркы тапта тактоо иштери уланып жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.

EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, бүгүн болгон жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 259 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү көздөй 101 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү көздөй 29 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда күчү 5,9 баллга жеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dina1983-19
2017-05-03 16:18:03
ӨКМ эми кандай маалымат таратып жатасыңар маалымат берүүдөн мурда тактап алып айткыла эми
+4
orxidey
2017-05-03 16:31:45
Ооба жер тербеди аябай кттуу .
+1
raykray
2017-05-03 16:41:13
Ошо суроттогудой болсо ошону жарака дер айтабы??? же суроттун тиешеси жокпу жарака деген созго???
+1
surgeon777
2017-05-03 17:00:51
Ооба,суроттун таржымалын айта кетуу керек,окуя болгон жердеги суротпу же интернеттен алындыбы,же иллюстрация учун коюлган деген сыяктуу кыскача тушундурмо дегендей..
0
Beksultan_KG...
2017-05-03 22:39:09
Баарыныздардан кечирим сурайм
+1
kechirmeni
2017-05-04 09:21:51
Ассаламу алайкум кыргыз элим. Жакшы эс алдынарбы? Аллахым баарыбызды элибизди апаат кырсыктардын сактасын. Хасан Басри деген олуяга 4 адам келип 4 башка маселе менен кайрылганда баарына истигфар (тооба)айтууну сунуштайт. Ошондо жанындагылар эмнеге баарына бирдей жооп бердиниз дегенде айткан экен: "Адамдарга келген кыйынчылыктар алардын куноолорунун себебинен болот, андыктан тооба кылып Аллахтан кечирим тилеши керек" деген экен. Келгиле туугандар Аллахтан куноолорубузго кечирим сурайлы.
0
admin_superstan
2017-05-04 09:39:05
Beksultan_KG..., Nevestkaa, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Провокацияга жол жок! 3 күндөн БАН!
0
uluk92kg
2017-05-04 19:06:46
Сайрайы сонун декан люстра сандык туратко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан