Мындан 32 жыл мурун, 1985-жылы 3-майда Украинанын Львов облусунда Ту-134А жүргүнчү ташуучу жана Ан-26 аскердик учактары сүзүшүп, талкаланган. Натыйжада 2 учакта болгон 94 кишинин баары каза тапкан. Таллин-Львов-Кишинёв каттамын аткарып жаткан Ту-134А учагында 79 адам болгон. Ал эми Львов-Москва каттамындагы аскердик учакта 15 киши болгон. Кырсык Аба кыймылы боюнча башкармалыктын катасынан улам келип чыккандыгы аныкталган.
3-майга карата жылнаама.