Жалда көп кабаттуу үйдүн өрттөнүп жаткан чатыры толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги Жал кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн өрттөнүп жаткан чатыры толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өрт өчүрүүчүлөр билдиришти.

Алардын айтымында, өрттөн улам жалпысынан 300 чарчы метр күйдү. Учурда өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда. "Өрт өчүрүү кызматынын унаалары менен 10 мүнөт ичинде келгенбиз. Жалдагы жолдордо автоунаалар токтотулгандыгы бизге тоскоолдуктарды жаратып жатты", - дешти өрт өчүрүүчүлөр.

Айта кетсек, Тыналиев жана Түштүк магистралы көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры күйүп жаткан. Аны өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
edik-kg
2017-05-03 19:32:13
Тик учак алыш керек болуп калды озу бишкекте коп кабатту уйлор коп салынып жатат созсуз кереги тиет
-1
omu
2017-05-03 22:26:12
Бешоонун бироосу эле иш бердиго. Алгач келген тортоосу туруп туруп эле кайтты...
0
Beka95
2017-05-04 01:01:48
Урматтуу депутаттар орт очуруучу тик учак алгыла, эртен дагы бийигирээк этаж куйсо казактардан жардам сурабай. Алардын тик учагы келгиче куйуп бутот го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан