Орусиянын Екатеринбург шаарында жергиликтүү таксист Кыргыз жаранын отвёртка менен көкүрөккө сайып өлтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 21:30 чамасында “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасы менен каттаган О.Х.Носиров аттуу жергиликтүү таксист 28 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн жаранын Вильгельм де Геннин 45,1 дареги боюнча аялдамага чейин жеткирген. Таксист менен жүргүнчүнүн ортосунда такси кызматы үчүн акы боюнча чыр чатак келип чыгып, айдоочу жүргүнчүнү отвёртка менен көкүрөккө сайган. Жабырлануучу оор жаракаттан улам окуя болгон жерден каза тапкан.
“Азыркы тапта кылмышка шектүү Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Учурда соттук экспертиза жүрүп жатат”, - деп билдирет Кыргыз ТИМи.