Жер титирөөдөн улам Чоң-Алай районунда 65 турак үй авариялык абалга келген. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Мык айылында 24 турак үй, 1 ФАП жана почтанын имараты, Шиве айылында 9 турак үй, Жекенди айылында 15 турак үй, 1 мектеп жана 1 ФАП, Чулук айылында 1 турак үй, Кара-Тейит айылында 17 турак үй авариялык абалга келген. Ошондой эле 1 мектептен майда жаракалар пайда болгон.
Айта кетсек, кечээ, 3-май күнү саат 10:47 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде жер титирөө болуп, анын күчү 5,9 баллга жеткен.