Кара-Мык айылында таш кулап, 110 койду басып калды

Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында таш кулап, 110 койду басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-майда болгон жер титирөөдөн кийин Кара-Мык айылында таш кулап, жайытта оттоп жүргөн 110 койду басып калган. Мал ээси 15 коюн адалдап калууга жетишкен.

Айта кетсек, кечээ, 3-майда Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде жер титирөө болгон. EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, аталган жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 259 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү көздөй 101 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү көздөй 29 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда күчү 5,9 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
uikuchu7
2017-05-04 08:37:02
Жаман болду. Адамдардын баары ушул тууралуу айтып атат.
+2
muzibrat93
2017-05-04 08:44:28
Малдын дагы садакасы болот эгер бербесен озуно жок элге жок керек болсо карышкырга жедирбей коз алдында жоготуп койот 40 койго 1 кой садака кылыш керек. Дунуйо кор окаат деп жургондорго сабак дунуйону берип кайра алып койот Аллах кудреттуу кадыр зат
+29
MinuTolik
2017-05-04 09:01:06
Баш аман болсо мал табылат!
+12
vorkuta11
2017-05-04 09:06:24
Админ кара мык кайсы жерде
-5
Gupa
2017-05-04 09:13:42
vorkuta11, "Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында..." деп турат го. Чоң-Алай району Ош облусунда.
+2
Real_mir
2017-05-04 09:14:17
vorkuta11,чон-алайда тажиксзтан менен чек арада
0
kechirmeni
2017-05-04 09:13:56
Ассаламу алайкум кыргыз элим. Жакшы эс алдынарбы? Аллахым баарыбызды элибизди апаат кырсыктардын сактасын. Хасан Басри деген олуяга 4 адам келип 4 башка маселе менен кайрылганда баарына истигфар (тооба)айтууну сунуштайт. Ошондо жанындагылар эмнеге баарына бирдей жооп бердиниз дегенде айткан экен: "Адамдарга келген кыйынчылыктар алардын куноолорунун себебинен болот, андыктан тооба кылып Аллахтан кечирим тилеши керек" деген экен. Келгиле туугандар Аллахтан куноолорубузго кечирим сурайлы.
+14
MinuTolik
2017-05-04 09:42:22
kechirmeni,туура, менда бир касыйдачы молдодон укканмын эгерде кайсы бир олкодо кыйынчылык кырсык коп болуп аткан болсо ошол олкодон 1000адам бир убакта 7токоч салып салып Куран окуп Алладан суранса ошол олкодо тынчтык орнойт Куранда жазылган деп айткан эле. Кана эми ушуну кыла алсак!
-2
meni_kut
2017-05-04 09:50:42
MinuTolik,Мен шейх Чубак ажыдан уккам 7 токоч,9 токоч деген жок,Куран окусанар баарына бирдей тийет деп.Ар ким айтты дебей Куран китепти ачып окуп койсок озубуз деле билмекпиз....
+4
anar8672
2017-05-04 09:16:08
Тооба
+2
Abdusamat.kg
2017-05-04 09:26:38
Сөз эркиндигин ушул тараптан тыйыш керек болуп калды. Жаман кабарларды жазбай эле койгулачы. Ар күнү эрте таңда көңүл суутпай
+2
Ronaldo.99
2017-05-04 09:30:30
120 койду басып калбаптыр
+28
suban78
2017-05-04 09:52:15
Ronaldo.99,плюсту басам деп минус басылып кетти. +++. Точна айттын да.
+5
aerforce
2017-05-04 10:40:29
Ronaldo.99,эрчиткен текеси жок болсо кок мээ койлор таштын туйундо оттодуда теке болгондо бир жайыкта оттойт эле
+7
Ronaldo.99
2017-05-04 11:26:32
aerforce,текесини койчусу короодо алып калган да
+4
Nazikbaigazy
2017-05-04 09:37:58
Эл журтка мал жандыка кырсык коп болуп жатат, откондо кайсы бир айылда малдар тобу менен орттонуп кетти, адамдар да тобу менен каза болуп жатышат, срочно чара корбосок болбойт, кандай кылыш керек? Ашаны тезирээк кетирсек жакшы болот беле
0
Fidel
2017-05-04 10:42:42
Nazikbaigazy, АША Атамбаев Алмаз бир жерине сайып атабы?бирдеме болсо эле ПРЕЗИДЕНТ куноолу дебей.койлорду таш басып калса, Президенттин кандай тиешеси бар? Сага окшогон кара ниет адамдардын пейилине жараша кырсык болуп атат!элдин пейилине жараша Падыша!
-8
gulya583
2017-05-04 12:20:15
Fidel,+баскам
-6
Nazikbaigazy
2017-05-04 12:35:48
Fidel, кара ниет болуп эмне элиме ушуну тилеп жатыптырмынбы, падышанын пейлине жараша болот хандын ыйманына жараша болот, бутун кыргызстанды дурболоткон, бир кадам аттаса жете турган дача сууга бир баспады,озгондо канча жолу кочку болсо да бир басып барбады, анан кайсы жакшылыкты кутсо болот кыргыз элин малсынар дегени эсинерден чыктыбы, питердеги жардырууда 10го жетпеген адам олду Путин учуп барды, кайгысын болушту, Аша каерге барып элден кабар алды?
+4
Kroxa
2017-05-04 09:39:13
Жаман болуптур эми баштан коздон садага жакшы мал жанга аралжы дейт адамды басып калбаганына шугур кылалы..Аюу айылында кочкудо канча мал калды ким белет баары эле малдуу болсо керек тоого жакын жашашса..
+1
baielkupchakbaev
2017-05-04 09:48:42
Жакшы 15 коюн союууга жетишиптир
+1
meni_kut
2017-05-04 09:51:37
Садака тоодой балееден куткарат.
+4
jamilya03
2017-05-04 14:15:03
Жер гочку бутуп эми таш гочкуго оттубу тооба кылгандар аз болуп жатат бизде Кудайым гозубузго сайып ишаарат берип жатса дагы гоздорун ачпай билгендерин кылгандардын азабын карапайым эл тартып жатат азабын
0
mirkaa5182
2017-05-04 15:49:03
Кудай сактасын айтырбай келген кырсыктан...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан