Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда катуу кар жаап, чөп түгөнүп 29 баш кой, 2 баш уй өлдү. Малына чөп алып келем деп кеткен киши кырсыкка кабылып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-апрелден 30-апрелге караган түнү Ак-Суунун Ак-Чий жана Боз-Учук айыл аймактарына тиешелүү кыштоолорунун жайыт жерлеринде 1 метрге чейин жеткен кар жаап, Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолунда кар күрткүлөрү пайда болгон. Унаа жолу бир каттамга ачык болуп, бирок унаалар жүрүүгө оор абалда, кыштоодогу малчыларга чөп алып барууга кыйынчылыкты жараткан.
Кардын калың жааганына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоодон кар көчкү түшүп, 5 баш жылкы кар көчкүнүн алдында калган.
Ошондой эле 2 жергиликтүү тургун ГАЗ-66 унаасы менен чөп алып баратып, жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алган. Каза болгон адамды райондук өлүкканасына жана жабыркаган адамды ооруканага "Тез жардам" унаасы жеткирген.