ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: 15 жыл мурун Нигерияда учак кыйрап, 149 адамдын өмүрүн алган

Мындан 15 жыл мурун, 2002-жылы 4-майда Нигериянын Кано шаарында Абуджи-Лагос каттамын аткарып жаткан BAC 1-11 учагы кырсыкка учураган. Натыйжада 64 жүргүнчү, 7 экипаж мүчөсү жана жердеги 78 киши көз жумган. Учак аэропорттон болжол менен 2 чакырым алыс жерге, Кано шаарындагы калк көп жайгашкан аймакка кулаган. Анын кесепетинен эки кабаттуу имараттар, 23 үй, мечит жана мектеп кыйрап, учак өзү күйүп кеткен. 11 адам жаракат алган. Кырсык экипаж мүчөлөрүнүн катасынан жана учактын кыймылдаткычынын иштебей калышынан улам келип чыккан.

4-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан