АКШнын Нью-Йорк шаарында табылган жансыз дене 20 жаштагы Азиз Чиркеевге таандык экени айтылды

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы дарыяда табылган жансыз дене Кыргыз жараны, 20 жаштагы Азиз Чиркеевге таандык экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Beck TJ аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргыз жараны, 20 жаштагы Азиз Чиркеев үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинен бери дайынсыз болуп, изделип жаткан. 30-апрель күнү Нью-Йорк шаарындагы East River дарыясынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. АКШнын Иммиграциялык кызматынын маалыматы боюнча, табылган жансыз дене Азиз Чиркеевге таандык.

"Биз бул тууралуу Вашингтондогу Кыргыз Республикасынын элчилигине билдирдик. Азыркы тапта "жүк-200дү" жөнөтүү үчүн каражат топтоп жатабыз", - деп жазат фейсбуктагы баракчасына.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2017-05-04 13:16:16
Жаткан жайын жаннаттан кыла көр Аллахым.күнөөлөрүн кечир.
+5
engel
2017-05-04 13:30:39
Emne boldu eken? Kishi kolduu boldu beken? Jatkan jeri jailuu bolsun!
+3
engel
2017-05-04 13:38:16
Ee kudaaiym ai baary ele kaza boldu, olturuldu degen ele janylyktar bolup ketti go. Tushtuk taraptagy jaratylysh kyrsyktary da toktoso eken ertereek, baikush elge kyiyn boldu go!
+4
Kroxa
2017-05-04 14:37:45
Ал жакта озулору жонотуп жиберчу элего акча сурашпай эле??
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан