Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып отуруп, 24 турак жайды жана 35 электр мамычасын басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 4-майда кабарлады.
Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак жай, андан сырткары 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) бар. Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолуп жатканы маалым болду.
"4-майда орнотулган 60 чатырга жана ФАП катары колдонулган 1 чатырга РЭС кызматкерлери тарабынан жаңы трансформатор орнотулуп, электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми жергиликтүү тургундар үйлөрүнөн кийим-кечелерин, буюмдарын алып кеткенге үлгүрүшкөн.