Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн бара жаткан келин кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-апрель күнү Сириядагы согуш аракеттерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгуусуна жол бербөө боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргыз жараны, 1989-жылы туулган И.М. мекенине кайтарылган. Ал эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү аркылуу үгүткө кабылып, Сирияга баруу максатында Түркияга жөнөгөн. Азыркы тапта И.М. баласы менен кошо туугандарына өткөрүлүп берилди. Аны үгүттөөгө жана башка мамлекетке жөнөтүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам изилдөө иштерин улантып жатат.