Бишкекте Абдырахманов көчөсүндө эки жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, "Тез жардам" чакырылды

Бишкекте бүгүн, 4-майда Абдырахманов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Mitsubishi жеңил унаасы жол кабырсыгына кабылды. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылган. Унаалардын бириндеги жүргүнчү аялдын көкүрөгүнө катуу сокку тийген. Бирок ал бейтапканага баруудан баш тартты.

"Мен Абдырахманов көчөсү менен келип, Жумабек көчөсү тарапка бурулуп жаткам. Аңгыча катуу ылдамдыкта Mitsubishi унаасы келип сүзүп кетти. Негизи ал жашыл өчүп-күйүп жатканда токтош керек болчу. Ага карабай келип менин унаамды сүзүп кетти", - деп билдирди Honda Accord унаасын башкарып бараткан Назик Токтогонова.

Кырсык болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери келип, жол чийиндерин чийип, айдоого мүмкүн болбой калган унааларды убактылуу токтоочу жайга алып кетти. Ал эми айдоочулар олуттуу жабыркаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elmaro
2017-05-05 14:22:28
Жанталайпай эле коё турбайсынбы жашыл куйо электте жолго чыкпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан