Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 4-майда саат 17:10до күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Алга айылынан батышка карай 8 чакырым, Кара-Тейин айылынан түштүк-батышка карай 16 чакырым, Кара-Мык айылынан түштүк батышка карай 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Зилзаланын күчү Алга айылында 4,5-5 балл, Кара-Тейит 4,5 балл, Кара-Мык 4 балл болду. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.