Өлкөнүн түштүгүндө дагы жер титиреди

Өлкөнүн түштүгүндө дагы жер титиреди. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун тургуну билдирди. Анын айтымында, жер силкинүү бүгүн, 5-май күнү саат 11:10 чамасында болгон.

Ошондой эле ал жер титирөөнүн күчү 5-6 баллдын тегереги болгонун билдирди.

Айта кетсек, 3-май күнү саат 10:47 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде жер титирөө болуп, анын күчү 5,9 баллга жеткен. Жер титирөөдөн улам Чоң-Алай районунда 65 турак үй авариялык абалга келген.

EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, бүгүн болгон жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 258 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү көздөй 102 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү көздөй 28 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда күчү 5,9 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mirkaa5182
2017-05-05 11:48:34
Ошто жакшы эле билинди.
-1
guli-1980
2017-05-05 11:55:10
Баткенде дагы бир топ болду.
0
meni_kut
2017-05-05 12:06:15
Эл чогулуп куран окуш керек ,тулоо кылып.И revolyutsiya1,,егер окуп калсан эки рекет намаз окуп,Алладан тынчтык тилеп койчу,сен да.Намаз окугандын баарын радикал дей бересин,анан сага окшогондордун айынан да табият кырсыктары болот.
+3
Jangazy
2017-05-05 13:45:05
Боз адырда дагы катуу болду
0
kechirmeni
2017-05-05 14:49:42
"Кимдин эн акыркы созу Лаа илааха иллАллоох, Мухаммадур-расулуллоох-болсо ал бейишке кирет" деген, туугандар зилзала убагында, кырсык убагында келме айтканды унутпайлы. Келгилечи негизи эле келмени коп коп айталычы. Аллахым райымын тогуп, бизди кечирип,бизге келаткан турдуу апаат балээлерди кайтарса ажеп эмес

+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан