Венесуэлада студенттер өткөргөн митингде 14 студент жаракат алып, алардын лидери өлтүрүлдү

4-майда Венесуэланын борбору Каракаста митингге чыккан студенттерди полиция кызматкерлери күч менен тараткан учурда 14 студент жаракат алды. Бул тууралуу Венесуэланын борбордук университетинин ректору Сесилия Гарсия Ароча жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Бул митинг тууралуу айрым басылмалар "Венесуэланын полициясы тынч митинг өткөрүп жаткан студенттерге кол салды" деп да жазып чыгышкан.

Ушул эле күнү, 4-майда Ансоатеги штатында студенттик кыймылдын лидери Хуан Баутиста Лопес өлтүрүлгөнү маалымдалууда. Аны студенттик чогулушка катышып жаткан жеринен атып кетишкен. Айта кетсек, оппозициянын нааразычылык акцияларын уюштурууга Жогорку соттун президент Николас Мадуронун ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечими себеп болууда. Буга байланыштуу мындан бир ай мурун 4-апрелден бери болуп жаткан митингдерде баш аягы 35 адам набыт болуп, 717 адам жаракат алганын өлкөнүн прокуратурасы билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2017-05-05 13:01:14
Озун озу орттоп салганбы же орттоп салышканбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан