Кыргыз-Тажик чек арасында күчү 7 жана 5 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 11:09да Кыргыз-Тажик чек арасынын очогунда 7 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 балл, Баткен шаарында 4-4,5 балл, Ош шаарында 3 балл сезилген.
Ал эми экинчи жер титирөө саат 11:15те Кыргыз-Тажик чек арасында болгон. Анын күчү очогунда 5 баллга жеткен. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 балл, Баткенде 2,5-3 балл сезилген.
Азыркы тапта кыйроолор жана жабыркагандар боюнча маалымат такталып жатат.