Бүгүн Кыргыз-Тажик чек арасында төртүнчү жолу жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология Институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 13:03тө Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Мык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Алга айылында 4 балл сезилген.
Буга чейин саат 11:09да 7 балл, саат 11:15те 5 балл жана саат 12:38 чамасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө ошол эле жерде катталган.
Азыркы тапта кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат.
"ЭЛДИК КАБАРга" окурман кайрылып, жер титирөөдөн улам Чоң-Алай районундагы турак үйлөрдө жаракалар пайда болгонун билдирген болчу.