Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында көчкү алдында калган үйлөрдүн саны 30га жетти

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкүнүн алдында калган турак үйлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жер көчкү акырындык менен жылууда. Бүгүнкү күндө жер алдында калган турак үйлөрдүн саны жалпысынан 30 үйгө жетти. Мындан сырткары 35 электр мамычасы көчкү алдында калды. Учурда Шор-Суу суусун бөгөп, суу топтолууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер көчкү социалдык имараттарга жакындап калгандыгына байланыштуу, ӨКМнын куткаруучулары жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан 100 жоокери 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 дарыкананын жана 1 мечиттин материалдарын коопсуз жайга чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, буга чейин аталган айылда 24 турак үй көчкү алдында калгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
scorp
2017-05-05 18:06:40
кайран кыргыз элим,башына ушундай оор кундор туш келдиби(((
+7
ErgeshZhaparov
2017-05-05 18:37:23
Кудайым озу сактасын
+7
mederkg
2017-05-05 19:16:19
Аллах өзүң сактаа
+3
-FREEDOM-
2017-05-05 19:24:01
Ээ Аллахым бизге озун жардам бер!
+4
beka027
2017-05-06 01:02:20
Алкаш А Ш А тезирээк эле кеткенде ушул нерселер азаябы эле дейм да? Силер кандай ойлойсуңар?
-3
pixduel1
2017-05-06 01:54:23
Ошон учун жер сатып алып ,сатып алаарда жер кочку коркунучу жок жерге салыш керек! Тоого уй сала бербей! Сузакта сел кочку жургон жерге уй салып алышкан бекер деп. Жанынар жердин акчасынан кымбатпы?озунорго сак болбосонор эч кимдин деле иши жок.Калганын кудай сактасынэми, озунорго тын болгула.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан