Тажикстанда Кыргыздан аткезчилик жол менен 40 тонна күйүүчү майды алып бара жаткан адам кармалды

Тажикстанда Кыргыздан аткезчилик жол менен чыккан 40 тонна дизелдик күйүүчү майды алып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматынын маалымат кызматына таянуу менен Toptj басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын чек ара кызматкерлери 40 тонна дизелдик күйүүчү май менен бара жаткан унааны Дүйшөмбүгө кире бериштен кармашкан. Унааны текшерген учурда жүктүн ээлери керектүү документтерди көрсөтө алган эмес. Кийин такталгандай, ал Кыргыз-Тажик чек арасынан аткезчилик жол менен өткөн күйүүчү май болгон. Күйүүчү майды алып бара жаткан 33 жаштагы Х.А. аттуу Тажикстандын жараны аны өз өлкөсүндө сатууну ойлогонун айткан. Учурда анын үстүнөн Тажикстандын Башкы прокуратурасы иш козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ekaterinburg
2017-05-05 19:41:29
"Аткезчилик"деген созду колдонбой калдыкпы ошондо?
+3
Patriot7
2017-05-05 19:52:28
Бул контрабанданын башында бийликтеги олигархтар, мультимиллионерлер турат. Жашырганда эмне, баары бир эл баарын коруп билип турат. Кудайдын куттуу куну канчалаган бензовоздор жолдорду талкалап, Тажикстанга багыт алып баратканын же кайтып келе жатканын коруп эле журобуз. Бул 7 жылдан бери келе жаткан кылмыш. Бийлик биле туруп билмексен болуп келет 7 жылдан бери (оздорунун "бизнеси" да), Гонконгдон ташылып келип жургон контрабандалык жукту билмексен-кормоксон болгону сыяктуу.....
+12
Kairat97
2017-05-05 20:18:02
Эмнеси болсода, аман эле болсунчу ушул бийликтегилер! Кудай озу жазалайт
+3
Naiman24
2017-05-05 20:26:44
Миндин бириго бул. Кимгедир долясын бербей койгонда
+8
Tekecher
2017-05-05 20:58:03
1 эмес, кунуно чек арадан аткезчилик жол менен жузго жакын оор жук ташуучу унаа отот!
+3
Begmat1992
2017-05-05 21:16:12
Долясын бербей койгон окшотда Таджикистанага кунуно 100догон камаз жук кирип чыгат
+3
bond02
2017-05-05 21:26:05
Бул дт кимдики экени белгилуу да, ээси "чавандес".
+3
spinkub
2017-05-05 22:09:24
bond02,ха ха чон атасынын аты Бабан болсо керек э
+3
didu
2017-05-06 00:25:04
кунуно 100 дой бензовоз отот кызыксанар келип корсонор болот, бирок алар невидимка бизге корунот чондорго корунбойт
+3
sahalin.kg
2017-05-06 06:18:31
Тажикстанга Кыргыздан дебей же Кыргызтандан,Кыргыз республикасынан
+2
kamchatka
2017-05-06 14:01:22
Ото жакшы иш кылышкан турбайбы вообще аткезчилик жок деп журсом бар экенда ошол бир карапайымды кармадыда ,карапайым эл бизнес жасаса контрабанда болот,чондор контрабанда ташыса бизнес болот азыркы заманда !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан