Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-апрель күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына шаар тургуну кайрылган. Анда ал Рузалия аттуу кыз өсүмдүк майын алып келип берем деп, 320 миң сом алып, ошол бойдон дайынсыз жоголгонун айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Рузалия Габдуллина жана 1996-жылы туулган Дмитрий Аргатюг кармалган.
Азыркы тапта алар тергөө абагына киргизилишти. Алардын үстүнөн 5 адам алдамчылык боюнча арыз жазышкан. Кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, 0550 102-298, 0550 102-895 телефон нормурларына чалып, кайрылсаңыздар болот.