Бишкекте акча уурдоого шектелип, 32 жаштагы аял жана анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, акча уурдоо фактысы 1-май күнү саат 14:30 чамасында "Таш-Рабат" соода борборунда болгон. Анда белгисиз аял шаар тургунунун сумкасынын ичинен 35 миң сомду уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы И.А. аттуу аял жана анын күйөөсү 27 жаштагы З.Э. кармалган. Азыркы тапта З.Э. тергөө абагына киргизилип, И.Ага өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды.