Кара-Кулжа районунда жер көчкү түшүү коркунучу пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Кара-Кулжа айыл аймагынын Биринчи Май айылынын Жайыттын-Үстү тилкесинде узундугу 22 метр жарака пайда болгон. Анын кеңдиги 5 сантиметр болсо, тереңдиги 1 метр. Учурда 11 турак үйгө кооптуу абал жаратууда.
Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жашоочуларды туугандарыныкына көчүрүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.