Баткенде жол эрежесин бузган айдоочу Патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөдү. Тиешелүү видеону интернет-колдонуучулар фейсбукка жарыялашты.
Видеодо айдоочу милициянын 3 кызматкерине баш ийбегени көрсөтүлөт, МАИчилердин бири тапанчасын алып чыгып коркутса да, айдоочу токтобойт. Ал эми алдыда бара жаткан унаанын ээси эреже бузган айдоочуну токтотууга аракет жасабай, аны алдыга өткөрүп жибергенин байкоого болот.