Орусиянын Люберцы шаарында 30 жаштагы Кыргыз жараны 24 жаштагы кызды өлтүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Орусиянын тергөө комитетинин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
"20-апрелде таңга маал Люберцы шаарындагы батирлердин биринен 24 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Ал муунтулуп өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деген версия каралган. Кылмышка шектүү Кыргыз жараны сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, өлтүрүлгөн кызды мурда тааныганын билдирген. Анын айтымында, экөө спирт ичимдиктерин ичкен соң ортосунда уруш чыгып, ал кызды өлтүрүп салган", - деп жазышат басылмалар.