Баткенде айдоочу МАИчини унаанын капотунда сүйрөгөнү боюнча окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Баткен шаарында айдоочу Патрулдук милициянын инспекторун унаанын капотунда сүйрөгөнү боюнча окуянын чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6-майда саат 10:30 чамасында Баткен шаарынын Нургазыев көчөсүндө Баткен облустук милициясынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жол эрежесин көзөмөлдөп кызмат өтөп турушкан.

"Күмүш түстөгү Опель Астра үлгүсүндөгү S 06 65 AI мамлекеттик белгидеги автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилери тургандыгына карабастан, жөө жүргүнчүлөрдү жолдон өткөрбөй жол эрежесин одоно түрдө бузган. Патрулдук милициянын кызматкери жол эрежесин бузган автоунааны токтотууга аракет кылган учурда, айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен автоунааны айдап качып кеткен. Ошол учурда инспектор чуркап барып, автоунааны алдынан тосуп, кайрадан токтотууга аракет кылгандыгына карабастан айдоочу автоунааны токтотпостон, инспекторду 110 метр аралыкка капотунун үстүндө сүйрөп барып токтогон учурда инспектор жерге кулап түшкөн. Ал эми айдоочу белгисиз тарапка качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 8-майда айдоочу кармалып, Баткен облустук милиция башкармалыгына жеткирилген. "Айдоочу Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылынын тургуну 1990-жылы туулган Р.Ө. үй-бүлөлүү, эч жерде иштебегендиги аныкталды.
Топтолгон материлдар боюнча айдоочунун үстүнөн Баткен ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
mirkin
2017-05-08 17:55:06
Ошол"Күмүш түстөгү Опель Астра үлгүсүндөгү
S 06 65 AI мамлекеттик белгидеги автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилери тургандыгына карабастан, жөө жүргүнчүлөрдү жолдон өткөрбөй жол эрежесин одоно түрдө бузганы жонундо видео бар бекен ГАИлерде же ал акамактар куру доомат кылып жатабы кеп мына ошондо.
Болсо ушул жакка жуктосунчу королу
+10
Satana
2017-05-08 23:48:28
Гаишниктер арам болушат. 4 жылдай болуп калды Чуй алматинкадан турсак гаиден качып келаткан мерс лупарик каравандын алдынан авария болуп кетсе, кууп келаткан гаи озу качып кетти.
+4
Satana
2017-05-08 23:52:42
Откондогу эки окуучуларды сузгон айдоочу
да гаиден качып келатыптыр. Ошол эле ситуация болуп кууп келаткан гаи качып кетиптир.
Сузгон айдоочу ачыгын айтыш керек болчу гаи кууп келаткан деп
+2
Makain
2017-05-08 18:23:38
Айшава кыйынго
-7
AykaMer
2017-05-08 21:13:41
Makain,Айшава эмес аяш ава дейт
+3
Aman97kg
2017-05-08 18:28:00
Бул окуя бойунча коз карашым ошол гаи кызматкери кунолуу эмнеге капотуна жарамашып жатат
0
Abdusamat.kg
2017-05-08 18:36:14
Кыргыздын салтына айланып калбаса эле эми
+3
kenjebek_a
2017-05-08 19:32:55
Милициянын баркы жоктугу да.Бул МАИ кызматкерлери озу элди тажатты.Дагы Ошко чейин айдабаптыр,бут мыйзамсыз алган акчалары коз алдынан отот эле.
+12
kalpak.kg92
2017-05-08 19:38:17
Kavboy gayii kunolouu
+3
AykaMer
2017-05-08 21:21:17
Мыйзамды сыйлабаганын озунду сыйлабаганын болот. Себеби мыйзамды бузсан,тор артында жаза аласын,демек озуно ушуну каалап озунду сыйлабаганын. Гаилер тартип сакчысы аларды сыйлаш керек да. Башынарга иш тушсо ошолордон умуттонуп каласынар. Анан да гаилерге айтаарым озунорду болбосо да,форманарды сыйлагыла. Кээде кооп кетесинер,обу жоктонуп акча талап кылып. Эл силерге ишенип жаткандан кийин сыйынар менен эле болгула...
+5
Patriot7
2017-05-09 00:14:05
AykaMer, Бироонун ГАИге иши тушконун коро элекмин. ГАИлер качан караба карапайым элди кыйнап келет. Илгери штраф 300 сом болгондо 50-100 сомго ыраазы болушчу эле. Эми штрафты 1500 сом кылгандан бери алардын ставкасы 300-500 сомго которулуп калган. Байкуш айдоочу 1500 тологучо 500 сом берет да ГАИнин оз чонтогуно тушсо да акча.


Жогорудагы окуя боюнча ГАИ кызматы видео фиксация корсотсун. Болбосо эч ким ишенбей калган ГАИге. Журналисттер кана далил деп сураса болбой беле?!!
+2
00joke
2017-05-08 21:35:22
Майи кызматкерлери туура эмес иштерди коп жасашат.Откондо жолда бара жатсам токтотту!мен сурадым!эмне чун тостунар десем кете бер деп айтат.неге? деп сурадым!десем коп коркутпай кетип калбайсынбы дейт
+3
sarbo
2017-05-08 22:53:48
ГАИ ала качуу деген салт чыгыптыр бизде кыз ала качуунун ордуна :)
+1
aravan.kg
2017-05-08 23:36:24
Биринчиден:Азыркы Гаилер дубанадан айырмасы калбады, бирок ошол дубаналарга адамдар ыраазы болуп беришет акчаны, гаилерге ичинен согунуп жатып берет.
Экинчиден:Капотко жармашпай эле артынан кууса деле жетип алат болчуда, шугур кылсын басып кетип олуп калбаганына.
Учунчудон:Айдоочуларды тосуп акчасын алып арам акча менен уй-було багасынарбы акыретти да ойлонгулада.
+3
ularik_kg
2017-05-09 01:16:53
aravan.kg, адамдар өз укугун коргой
алышпайт, эрежени бузбасак алар делем
тоскону акысы жок,
Оңололу десек алдың өзүбүздөн
баштайлы
-3
Patriot7
2017-05-09 01:57:57
ularik_kg, сен ГАИшниктерди жакшы билбейт окшойсун, кээде эреже бузбасан да токтотуп документ сурайт. Берсен барып протокол толтуруп баштайт. Сен эреже бузбаганынды далилдей албайсын, кеп жешпейт. Же колунда далил жок, сенин эреже бузганынды сага корсотуп далилдей алуучу...
+1
aravan.kg
2017-05-09 14:24:19
ularik_kg,балык башынан сасыйтта
0
Ronaldo.99
2017-05-09 00:12:47
Капотко суйрош мода болдубу же капотко асылыш мода болдубу
+1
Patriot7
2017-05-09 00:15:58
Кыргызстанда видео камераларды коюп ГАИ кызматын жоюп салгыла. Фото видео фиксация жок калп эле жок жерден пара талап кылып жургону жургон ГАИшниктер...
+1
mirkin
2017-05-09 11:57:31
ушул создорду окуп уялганынан арыз жазып кетип калса жакшы болмок ошол ГАИ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан