Мындан 14 жыл мурун, 2003-жылы 8-майда Венгриядагы Балатон көлүнүн жанында немис туристтерди салып бара жаткан автобус поезд менен сүзүшүп, 31 киши көз жумган. Андан сырткары 12 адам жарадар болгон.
Поезд катуу ылдамдык менен келип эки кабаттуу автобусту сүзүп, аны 150 метр аралыкка чейин сүйрөп барган. Автобус экиге бөлүнүп күйүп кеткен, ал эми поезд рельстен чыккан. Кырсык автобустун айдоочусунун жол чырактын тыюу салган белгисин карабай өтүп кеткени үчүн келип чыккандыгы айтылган.
8-майга карата жылнаама.