Бишкекте түндөгү ок атышуу боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.
“Исанов - Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан сыраканадан эки жаат балдар чырлаша кетип, аягы травматикалык тапанчадан ок атышуу менен аяктаган. Азыркы учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Азырынча мушташка канча бала катышты, канчоосу жаракат алды, бул боюнча кошумча маалыматтарды беребиз”, - деди Оморов.