Украинада "Өлбөс полк" жүрүшү кагылышуулар менен коштолду

Украинада "Өлбөс полк" жүрүшү кагылышуулар менен коштолду. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Украинанын бир катар шаарларында Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 72 жылдыгына карата иш-чаралар менен катар "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлгөн. Киев шаарынын "Арсенальная" метросунан Даңк паркына чейин уланган акциянын катышуучулары согуштун ардагерлеринин, катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, "Фашизм бүтпөйт!" деген ураан чакырышкан.

Полициянын маалыматына караганда, "Өлбөс полкко" 3 миңге жакын адам катышкан. Аны аскер кызматкерлери жана полиция эки жагынан курчап баскан. Марш учурунда украинчил активисттер акциянын катышуучуларын көздөй буу чыгаруучу пиротехникалык каражаттарды ыргытышкан. Натыйжада полиция кызматкерлеринин биринин бетине пиротехникалык каражат тийип, жаракат алган.

"Активисттер улгайган адамдардан "Георгий ленталарын" алып коюшкан. Жүрүш учурунда жолдогу терезелерден "Оң сектор" уюмунун (Орусияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) кара-кызыл желектери илинген деген маалымат тараган. Бирок ал украиналык улутчулдар коомунун кеңсеси экендиги белгилүү болду. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beka1986
2017-05-09 23:01:24
Озу Украинаны ото кыйынчылык менен бошоткон болуш керек немистерден,коп убакытка басып турганда фашисттер,рахмат айтып ардагерлерге кайра эскерип турушпайбы деймда.
+5
Gena1
2017-05-10 09:12:31
Активисттер эмес эле кара ХХХ экен да, жашы улгайгандардан Георгий лентасын тартып алып койсо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан