Түркиянын Анталия шаарында сойкулукка каршы жүргүзүлгөн операция учурунда Кыргыз кыздарын сойкулукка мажбурлаганга шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө Э.К, О.Д, М.Г. жана Б.Й. аттуу дискотека, кафелердин ээлери жана жетекчилери Кыргыз мамлекетинен, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Украина, Доминикан Республикасы, Молдова, Иран, Нигерия, Бириккен Араб Эмираттарынан келген 64 аялды жана 20 түрк аялын сойкулукка мажбурлаганга шектелип кармалган. Андан сырткары дагы бир адам изделүүдө.