Кара-Балта шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Кара-Балта шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-май күнү милиция кызматкерлерине Кара-Балта шаарынын 43 жаштагы М.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 6-май күнү саат 20:00 чамасында чала тааныш адам Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 42 жаштагы К.В. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан