Кара-Кулжа районундагы жер көчкү турак үйдү жана сарайды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү 9-май күнү саат 09:00 чамасында Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында түшкөн. Болжол менен анын көлөмү 10 миң метр куб. Жер көчкү алдында калган турак үйдө эч ким жашачу эмес. Жабыркагандар жок.
"ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү түшкөн жерге барышып, кооптуу аймактагы 1 турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүшкөн. Калган турак үйлөргө кооптуу абал жаралбаганы аныкталган. Ошондой эле эски жер көчкү түшкөн аймакка мыйзамсыз түрдө үй куруп алып, жашап жаткан 24 үй-бүлөгө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысына жер маселесин чечип, көчүрүп чыгаруу боюнча тапшырмасы коюлду", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.