Патрулдук милициянын имаратынан табылган шектүү сумкадан жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн түшкө маал Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын имаратынын экинчи кабатында шектүү сумка табылган. Мындан улам сапёрлор чакыртылып, ичиндеги кызматкерлер сыртка чыгарылган болчу. Бирок сумканын ичинен жарылуучу эч нерсе табылган эмес. Аны Патрулдук милицияга келген жаран унутуп калганы аныкталды. Азыркы тапта башкармалык кадимки тартипте иштеп жатат.