Жалал-Абад шаарында 24 уурулук фактысына шектелгендер кармалды

Жалал-Абад шаарында 24 уурулук фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Э.Т., 1998-жылы туулган С.А. жана 1990-жылы туулган А. уулу К. кармалган. Алар Жалал-Абад шаарында 6, Сузак районунда 7, Базар-Коргон районунда 6 , Токтогул районунда 5 аккумулятор уурдоого шектелишүүдө.

Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлеринин айтымында, шектүүлөр уурдалган аккумуляторлорду темир, жез сатып алуучу, аккумулятор оңдоочу жайларга алып барып, сатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Okna
2017-05-11 00:37:26
Келип келип аккумулятыр урдайсынарбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан