Бишкекте айдоочу унаасы менен 15 жаштагы баланы сүзүп, качып кетти

Бишкекте айдоочу унаасы менен 15 жаштагы баланы сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-май күнү саат 22:00 чамасында Патрис Лумумба көчөсү тараптагы "Кудайберген" базарынын жанында болгон. Анда ак түстөгү Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 15 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада жан берген.

Азыркы тапта адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочу изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tatynam_88
2017-05-11 07:53:00
Ар бир киши оз ишин майын чыгара аткарса,кырсык,балакеттен бираз болсо да оолак болобуз.
0
Asman...
2017-05-11 08:58:52
ХХХ көзүңө карап айдасаң болбойт беле, адамдан качып кутулсаң да Алладан качып кайда барар экенсиң. Ата-энесине сабыр берсин. Күнөөкөрдү таап жазасын бергиле.
+1
kalpak.kg92
2017-05-11 09:28:55
Булда паракорчулуктун белгиси анткени сатып алышкан прованы
0
Salman.eldar
2017-05-11 09:33:58
эртен мн жакшы жанылык бар бекен деп кирсем, журокту ооруткан баягы эле олтуруп кеткен, сузуп кеткенго. качан бутот мунун баары!!?
0
aerforce
2017-05-11 10:10:26
Эмнеле сузуп эле жатат кундо
0
Muratmipa
2017-05-11 13:07:48
aerforce,себеби пешеход малдан айырмасы жок машинени коруп турса да качайын деген ою жок
0
Kroxa
2017-05-11 10:59:25
Тунку саат 22:00до 15 жаштагы бала кочодо жургонбу?? Каза болуп калганы жаман болуптур..айдоочу качып кетсе кармалаттыр жазазасын алсын..
0
Kyrgyz_bloger
2017-05-11 14:22:01
Патрис Лумумба деген ким ушундай кочолор тажатты
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан