Чүй облусунда 70 жаштагы тургунду унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусунда 70 жаштагы тургунду унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 8-май күнү Москва районунун Кызыл-Дыйкан айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу 70 жаштагы Б.М. аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Патрулдук милиция тарабынан кылмышка шектүү катары 53 жаштагы А.А. аттуу айдоочу кармалды. Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан