Кытайдын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алганын Reuters басылмасы жазып чыкты.
Жер титирөө бүгүн, 11-майда Синьцзян-Уйгур автономдук аймагында болуп, күчү 5,5 баллга жеткен. Анын очогу Таксорган округунун алыскы районунда, 8 чакырым тереңдикте болгон.
Имараттардын айрым дубалдары жабыркап, кулап түшкөн. Курмандыктар тууралуу маалымат улам түшүп жатканы кабарланат. Бул региондо жер титирөөлөр көп болот, бирок анча оор таасир берчү эмес.