Бишкекте 21 жаштагы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкеринин иши кыскартылды

Бишкекте 21 жаштагы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкеринин иши кыскартылды. Буга жабырлануучу тараптын тосмо арызы себеп болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыкташты.

Айта кетсек, окуя 29-январь күнү Бишкектеги кафелердин биринин кире беришинде болгон. Интернетке тараган видеодон эки милиция кызматкери 21 жаштагы шаар тургунун эч себепсиз сабап салышканын көрүүгө болот.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында тургунга кол көтөргөн милиция кызматкерлеринин өздүгү такталган. Свердлов РИИБинин кызматкери 1992-жылы туулган И.Э. жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкери 1991-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынан айдалган болчу.

Эки милиция кызматкери жаранды сабап салышыптыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
suban78
2017-05-11 08:29:34
Оо буларга эч ким тие албайт, эртен эле кайра ишке орношуп алышат.
+2
Tolkun555
2017-05-11 08:55:26
Биздин иттер өтө эле көөп алышкан.ит атарга аттырыш керек.буга окшогон иттерди.
+2
munar91
2017-05-11 09:16:18
Ит иттигин кылат, бейбаштык беренеси оор кылмыштардын катарына кирет, мындан тышкары групповой лиц, мас абалында болгондо кыскарууга эч качан жатпайт.. Бул жон гана мыйзамсыздык.. Адилетсиздик... МЫЙЗАМ ЭЧ КАЧАН БААРЫНА БИРДЕЙ БОЛБОЙТ... Карапайым калкты сестетиш учун, бийликтин бардыгын эскертиш учун гана жазылат жана ошол максатта колдовать
+2
munar91
2017-05-11 09:16:52
Колдонулат
+1
kalpak.kg92
2017-05-11 09:25:38
Бизде деген паракорчулук ото куч алган.... сен мага тийбе,мен сага тийбеймин ....ушундай карочо качан онолобуз
+3
abusait
2017-05-11 09:35:51
Булар тосмо арыз менен кутулушса, кайра кылмыш кылбайт деп ким кепилдик берет? Камаш керек мыйзам чегинде.
+1
TalaCSKA
2017-05-11 10:59:14
Мейли тосмо арыз болсо бошотушсун бирок айланайын ушул эки ментти кайра жумушка ала корбогулочу сураныч.
+1
Nurtilek001
2017-05-11 15:43:33
Буга окшогон ХХХ тосмо арыз бергенине карабай ото катуу жаза бериш керек болчу,башкаларына да сабак болгондой.
+2
frunze12
2017-05-11 15:48:21
Урматтуу журналисттер, ИИМден жооп алып бергилечи, тосмо арыз жазылса кылмыш иши кыскартылат деген мыйзам барбы озу?!! Болсо ошол мыйзам тууралуу маалымат бере кетишсин! Анын устуно кылмыш кылгандар милиция кызматкерлери озу болгон сон, алардын кылмыш жообунан кутулганы/качканы канчалык туура, адилет чечим?!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан