Үстүбүздөгү жылдын 8-май күнү саат 12:30 чамасында Жайыл районунун "Тепши" капчыгайында белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аялдын жашы 20-30 чамасында. Маркум кызыл түстөгү спорттук кийим, көк жынсы шым жана кызыл түстөгү байпак кийип жүргөн. Милиция белгисиз аялдын аты-жөнүн тактоого жардам берүүнү суранат. Эгерде кандайдыр бир маалыматтар болсо, 0 (313) 15-21-31, 0 (312) 60-77-27, 0 (555) 14-82-82 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар болот.