Стамбул прокуратурасы түнкү клубдагы кол салууга шектелген жаранды 2397 жылга эркинен ажыратууну сурады

Стамбул прокуратурасы "Reina" түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машариповго 40 кылмышкерге берилүүчү өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын жана 2397 жылдык абак мөөнөтүн сурады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Машарипов "Конституциялык түзүмдү кулатуу аракетин көргөн, террордук акты жасаган, көптөгөн адамдарды өлтүргөн жана мыйзамсыз курал сактаган" деп айыпталууда.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө алгач Стамбулдун “Таксим” аянтында жардыруу уюштурууну мерчемдегенин, бирок ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу "Reina" клубуна кол салганын билдирген. Анда 40 киши өлүп, 70 адам жаракат алган.

Машарипов теракттан бир нече жума өткөндөн кийин кармалган. Колго түшүрүү маалында анын батиринен эки тапанча, 197 АКШ доллары, дрон жана SIM-карталар табылган. Түркиянын укук коргоо органдары ал акчалар Машариповго теракт жасагандыгы үчүн берилген болушу мүмкүндүгүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Alibay
2017-05-11 09:40:22
Омур бою деп эле койгулачы,л жакка киргенден кийин ур-тепкиге алып жатышып деле теез эле олтурушот.
+2
toko84
2017-05-11 09:59:20
2397 жыл дегенде кандай б.п калат
+5
uikuchu7
2017-05-11 10:07:15
toko84, 23 болот экен.))
-2
novayariga
2017-05-11 10:24:17
Каяктан алышат мындай цифраларды?
+5
kirgizstan
2017-05-11 10:51:12
Канча жылгаааа
+3
sladkaja_konfetka
2017-05-11 11:01:13
2397 жылдан кийин жер планетасы, адам баласы кандай болот бир кудай билет...
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-11 11:03:43
Акылдары ордундабы ушунча жылда ал кишинин да оздорунун да сооктору калбай жок болот го. Кыйнап олтуруш керек эл алдында корсотуп билишсин жардырып аттырган кандай болорун башкалар да.
+1
bond02
2017-05-11 11:13:27
Тарыхта жок неме го.
+2
kubatbek.k
2017-05-11 11:38:14
prkorir algebra okubagango
+1
nargiz-sa
2017-05-11 11:39:47
Турмодо олуп калса да соогун ала алышпайт да
0
Abdusamat.kg
2017-05-11 11:42:29
2397 күн жашайт бекен өзү ал жакта
0
Nevestkaa
2017-05-11 11:46:24
Түрктөр шумдук го кечээ эле ГҮЛЕНДИ 1000жылга эркинен ажыратыш кк деп жатышты элеби .
+1
Beka1986
2017-05-11 13:35:57
Турктор ушундай,только 2000 жылдын устундо камашат)))чы.кынды келтиретда чы.кынды....жон эле омур бою деп эле коюшпайбы.
0
nurbekasr
2017-05-12 07:59:49
Туркияда кылмышкерлерди ушундай соттоп калышкан окшойт.Жанакы дин аалымы Феткулах Гуленди да 3 миң жылга соттойбуз деп жатышкан эле.
0
nur_zhoni
2017-05-12 20:45:53
Кылган куноосу ушундай жазага туура келет мисалы тоок урдасан 4жылга камаласын
Тоок канча жыл жашайт канча жумуртка берет канча жожо ачат ошолорду эсептеп кийин чечим чыгарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан